Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Грузияда чет жактагы жарандарга шайлоодо добуш берүүгө тыюу салынды


Грузиядагы шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу өткөн акциянын катышуучулары. 2024-жыл.
Грузиядагы шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу өткөн акциянын катышуучулары. 2024-жыл.

Грузиянын парламенти Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү, акыркы окууда кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдөн тышкары жашаган грузин жарандары мындан ары парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу NewsGeorgia агенттиги маалымдады.

Эми шайлоого катышуу үчүн жарандар Грузияга жеке өзүлөрү келип, каттоодо турган жери боюнча гана добуш бере алышат. Ушул эле эрежелер референдумдарга да тиешелүү болот.

Буга чейин мындай чектөө муниципалдык шайлоолорго гана колдонулуп келген. Ал эми парламенттик шайлоодо чет өлкөдө жашаган грузин жарандары консулдуктарда жана элчиликтерде ачылган шайлоо участокторунда добуш бере алышчу.

Мыйзам долбоорун бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы демилгелеп, анын зарылдыгын "тышкы кийлигишүүнү алдын алуу" менен түшүндүрдү.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, Грузиядан тышкары жашаган жарандар "чет өлкөлүк юрисдикциянын алдында" болуп, "тең салмактуу тандоо жасай алышпайт".

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2024-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө дээрлик 96 миң шайлоочу катталган. Бирок дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө ачылган тилкелердин аздыгынан улам алардын ичинен болжол менен 34 миңдей адам гана добуш бере алган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо бекеттеринин көпчүлүгүндө соңку шайлоолордо "Грузин кыялы" эмес, оппозициялык партиялар жеңишке жеткен.

Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ошондой эле шайлоо бекеттеринде аудиожаздырууга тыюу салат (видеожаздырууга уруксат берилет) жана партияга мүчө болбогон жарандарды талапкер катары каттоого жол бербейт. Эми талапкер сөзсүз түрдө саясий партиянын же саясий бирикменин мүчөсү болушу зарыл.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG