Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Москва облусундагы мектепте өлүм тапкан Кобилжондун сөөгү Тажикстанга коюлду


Орусияда каза болгон 10 жаштагы тажикстандык окуучу Кобилжон Алиевдин сөөгүн жерге берип жатышат. Тажикстандын Шахринав районуна караштуу Ажам айылы. Сүрөт Asia Plus агенттигине таандык.
Орусияда каза болгон 10 жаштагы тажикстандык окуучу Кобилжон Алиевдин сөөгүн жерге берип жатышат. Тажикстандын Шахринав районуна караштуу Ажам айылы. Сүрөт Asia Plus агенттигине таандык.

Орусиядагы мектепте каза болгон 10 жаштагы тажикстандык Кобилжон Алиевдин сөөгү бүгүн өз мекенинде Тажикстандын Шахринав районуна караштуу Ажам айылында жерге берилди. Анын жаназасына Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода катышты. Баланын сөөгү 18-декабрдын таңында Тажикстанга жеткирилген. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери көп болду. Алар журналисттерге жаназаны видеого тартууга жана сүрөткө түшүрүүгө уруксат беришкен жок.

Кобилжон менен коштошууга жүздөгөн адамдар чогулду. Аны акыркы сапарга узатууга туугандары жана кошуналары менен катар өлкө борборунан жана башка райондордон келген тургундар да катышты.

Кобилжон Алиев 16-декабрда Москва облусунун Одинцово районундагы өзү окуган мектепте 15 жаштагы орусиялык өспүрүм тарабынан өлтүрүлгөн. Өспүрүм адегенде мектептин күзөтчүсүнө, андан кийин Кобилжонго бычак менен кол салган. Тажикстандык бала алган жаракаттарынан көз жумган.

Орусиялык маалымат каражаттары кол салган өспүрүмдүн аракети улутчул жана ксенофобиялык көз караштары менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазышууда. Телеграм-каналдар жарыялаган видеолордо өспүрүм окуучулардын тобуна жакындап келип «Сен кайсы улуттансың?» деп сурап, андан кийин балдардын бирине кол салганы көрүнөт.

Мектепке жасалган кол салуу фактысы боюнча "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козголду.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул кылмышты "улуттук жек көрүү" актысы деп атап, Орусиянын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьевге нота тапшырган.

Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода Москвадан тажик баланын өлтүрүлүшүн кылдат жана объективдүү иликтөөнү, ошондой эле күнөөлүүлөрдү адилеттүү түрдө жазага тартууну талап кылган.

Тажикстандагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Умед Бобозода Кобилжон Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалковага жана Орусиянын балдар боюнча омбудсмени Мария Львова-Беловага расмий кайрылуу жолдоду.

Өз кайрылуусунда Бобозода бул кылмыш улуттук жек көрүүнүн негизинде жасалганын белгилеп, аны кескин айыптаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мекеме окуянын бардык жагдайларын тактоо жана тажик тарапка зарыл колдоо көрсөтүү максатында Орусиянын Тергөө комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылууларды жөнөткөнүн билдирди.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Тажикстандагы кесиптеши Юсуф Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, Одинцово шаарындагы Успенск орто мектебиндеги кол салууну талкуулаган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG