Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Экономика

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун каржылоо боюнча насыялык келишимге кол коюу аземи. Бишкек шаары, 16-декабрь 2025-жыл.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун каржылоо боюнча насыялык келишимге кол коюу аземи. Бишкек шаары, 16-декабрь 2025-жыл.

Кыргызстандын өкмөтү долбоордун баасы 4,7 млрд доллар деп бааланганын, Кытай 2,3 млрд доллардын тегерегинде каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берип жатканын белгилейт. Темир жол Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян багытында түшөт.

Расмий кабарлангандай, бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 млрд долларды үч мамлекет чогуу көтөрөт. Сумманын 51% Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстандын ар бири 24,5% чыгарат.

Келишимге кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз өкмөтү менен Биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун негизги милдеттеринин бирине ылайык, каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектиги белгиленгендигин жана ал бүгүн аткарылып жаткандыгын билдирди:

“Бул жетишкендик жогорку баага татыктуу жана үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ачык көрсөтүп турат”.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу компаниясынын башкы директору Чжоу Син бул Биргелешкен долбоордук компаниянын алдында чогулган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу гана эмес, макулдашуунун милдеттенмелерин ишенимдүү жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу маселесин толук ишке ашырарын билдирди.

“Өнөктөштөр Кыргызстанга ишеним менен карап жатат”

Бул долбоор чөлкөмдөгү ири транспорттук демилгелердин бири болуп саналат. Жаңы темир жол Кытайды Борбор Азия менен, андан ары Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштырат. Мында бийлик башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын транзиттик дарамети бир кыйла артарын күтүп жатышат.

Каржылоо келишими узак жылдар сүйлөшүү жана макулдашуу деңгээлинде жүрүп келген долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасын ачат деп эсептелет.

Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров эл аралык инвестициялык форумга катышып жатып Кыргызстандын инвестициялык климаты жакшырып, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп жатканын билдирди:

“Кыргызстан бүгүн экономикасы ачык, узак мөөнөттү инвестиция үчүн түшүнүктүү эрежелери жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө катары кабылданууда. Сөзүм куру болбосун үчүн айта кетейин – олуттуу чет элдик инвестиция салган ири инвесторлордун катарында Кытай, Орусия, Түркия, Нидерланд жана Казакстан турат. Мындай географиялык ар түрдүүлүк коңшу өлкөлөрдүн, Европа менен Азиядагы эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга болгон ишеними менен кызыгуусунун өсүп жатканын айгинелеп турат”.

Темир жол Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян багытында түшөт. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Расмий маалыматка ылайык, темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткарат.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет. Темир жолдун жалпы узундугу 532 чакырымдан көбүрөөк болот. Анын 304 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт.

2024-жылдын 27-декабрында темир жолдун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасашкан.

Бишкек геосаясий жарыштан эмне утат?

Биргелешкен компаниянын артында үч мамлекет турат, Кыргызстандын үлүшү 24,5%. Алына турган 2,3 млрд доллар насыянын канчасы Бишкектин үлүшүнө тийери белгисиз. Өлкөнүн тышкы карызынын 30% жакыны Кытайдын Эксимбанкына таандык. Бул жолку алынып жаткан насыя да Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Эксимбанкынан алынып жатат. Расмий жоболорго ылайык, бир булактан алынган насыя жалпы тышкы карыздын 45% ашпашы керек.

Саясат талдоочу Марс Сариев темир жол Кытайдын геосаясий көзүрүнө айланарын, Орусия да жөн жатпашын, мындай жагдайда Бишкек көз карандысыздыгын сакташ үчүн ар тараптуу тышкы саясатты бекем карманышы зарылдыгын айтат.

“Насыянын көбүн Кытай өзүнө алып атат. Түшүнүктүү, Кытай геосаясий жактан Европага чыгышы керек. Кургак жерден жол керек. Ошон үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанга насыя берип, темир жол салсак деп аракет кылып атат. Газ, мунай куурлары жана ушундай коридор Кытайга геостратегия жагынан коопсуздукту алып келет. Орусияга бул аябай эле татаал көйгөй. Себеби бул темир жол Орусияга кирбейт, Борбор Азия, Кавказ аркылуу Европага айланып өтүп кетет. Казакстанга деле бир аз зыяны тиет. “Орусия темир жолу” дагы темир жол салганга “биз дагы катышалы” деп аракет кылып атат. Бирок кытайлар макул болбой атышат. Орусиянын мамилесин түшүнүп атышат да. Менимче, Орусия эми көбүнчө көзүн жуумп турат. Айла жок, Кытайды экономикалык жактан киргизип... Бирок, байкасаңар, саясат жагынан орустар Кыргызстанды аябай катуу кармап турат. Телеканалдарды ачып, өзүнүн саясатын күчөтүп атышат”.

Кыргызстан 2025-жылдын январь-октябрь айларында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 50 млн тоннага жакын (48,5 млн) жүк ташыган. Анда негизги орунда 80-82% менен автоунаа транспорту турат, темир жолдун үлүшү болсо 17-19% түзөт.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө, ал аркылуу башында жылына 5-7 млн тоннага чейин жүк өтөт, 2035-жылга карата андан 20 эсеге чейин көбөйөт деп божомолдонот. Транзиттик өтүүлөрдөн жана аны коштогон кызматтардан Кыргызстандын казынасына жыл сайын 150-200 млн доллар түшөт, өлкө экономикасынын өсүшү баштапкы мезгилде 2% чейин тездейт деп эсептелип келет.

Кыргызстандын өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Макалага тиешеси жок
Кыргызстандын өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Макалага тиешеси жок

Өлкө бюджети эмненин эсебинен өсүп жатат? Экономиканын арышы пайдасын бардык катмарга текши берип жатабы?

2025-жылдын республикалык бюджети менен 2026-2027-жылдарга божомолдорду карап жаткан жыйында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бириктирилген бюджет быйыл бекитилген көлөмдөн бир жарым эсеге ашыра аткарылганын билдирди.

“Өлкө экономикасынын ички дүң продукциясындагы өсүүлөр, албетте, бюджетибиздин өсүшүн шарттайт. Мына, бүгүн биз 2025-жылдын консолидацияланган (бириктирилген) бюджетин карап жатып, анын 1 трлн 90 млрд 600 млн сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз. Жана 2025-жылы триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу. Азыр 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8% көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”.

Кыргызстандын 2025-жылга республикалык бюджети
Кыргызстандын 2025-жылга республикалык бюджети
  • Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өзөгүн салык жана бажы жыйымдары түзөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын он айында 310 млрд 400 млн сом салык жыйналган. Бул быйылкы он айга коюлган пландан 4,3%, ал эми былтыркы көлөмдөн 30,9% ашык деп эсептелет. Салыкчылар мындай жыйынтыкты салык төлөөчүлөр базасын кеңейтүүдөн, ишти санариптештирүүдөн жана ыктыярдуу салык төлөө деңгээлин көтөрүүдөн деп түшүндүрүүдө.

2025-жылга Бажы комитетинин кирешеси 128 млрд 431,7 млн сом деп болжолдонгон болчу. Комитет ноябрдын ортосуна карай жылдык планды толук аткарганын жарыялады.

Бажычылар болсо мындай жыйынтыкты бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча комплекстүү иштерге, бажы пункттарынын өткөрүү жөндөмүн арттыруу, санариптештирүү жана аткезчилик менен күрөшүүгө байланыштырышат.

"Бюджеттин киреше булактары жакшырууда"

Консолидацияланган же бириктирилген бюджетке республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, Соцфонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери кирет.

Финансы министрлиги берген маалыматка абай салсак, январь-октябрь айларында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылган суммасы 550,6 млрд сомго жеткен. Социалдык фонддун 2025-жылга бекитилген бюджетинин көлөмү 120,5 млрд сом болсо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 8,3 млрд сом болчу.

Быйыл мамлекеттик бюджеттин рекорддук көлөмдө байышына негиз берген жагдайлар көп болду. Финансы министрлигинин бюджеттик документтерине көз чаптырсак, өкмөт быйыл он айда чет өлкөлүк өкмөттөрдөн 1 млрд 343 млн сом, эл аралык уюмдардан 10 млрд 688 млн сом трансферт алган. Алар бюджетте так көрсөтүлүп турат. Муну менен катар мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу ички булактардан 120 млрд сомдой, евробонд аркылуу чет элден 700 млн доллар карыз алган. Улуттук банк да 2024-жылы тапкан 45,7 млрд сом кирешесин чыпчыргасын коротпой бюджетке которуп берген. Улуттук коопсуздук комитети коррупцияга каршы күрөштүн алкагында алынган каражаттар менен мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына чегерип келет.

Бирок алардын “өсүп жаткан” бюджеттин курамына кирген-кирбегени белгисиз. Бюджет мыйзамынын долбоорунда алар тууралуу сөз болгон эмес.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев ички жана тышкы булактардан алынган карыздар тийиштүү процедуралардан өтсө бюджеттин киреше булактары катары көрсөтүлөрүн белгилейт.

“Бюджеттин негизги булагы, 70-80% – бул деген санариптештирүү, салык жана чек арадагы кирешелер кескин көбөйгөн ушул жылдары. Узак убакытка абдан жакшы иш-чара болгон, көмүскө экономика 23% азайтылган. Албетте, бюджеттик төлөмдөр көбүнчө салык аркылуу түшүп атат. Калган 20% ичинде өндүрүш, кен казуу бар, Улуттук банктын кирешелери бар, анын кирешеси 8% деп эсептелет. Эң көп реэкспорттун төлөмдөрү болду деп эсептесе болот. Бул дагы салыктык төлөмдөргө кирет. Эгерде ошол карыздар алынса, бюджетке киргизилсе, түздөн-түз ратификацияланса жана бюджеттин жакталган беренеси катары көрсөтүлсө, анда кирет”.

"Өнүгүүнүн үзүрүн эл текши көрбөй жатат"

Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Кыргызстан бул жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болгонун белгиледи. 2025-жылдын бюджет мыйзамында 1 трлн 624,9 млрд сом деп бекитилген ички дүң продукциянын көлөмү январь-октябрь айларында 1 трлн 427 млн 359 млн сомдү түзгөн.

Жыл соңуна карай 1 трлн 779 млрд сомго жетери же максатталган көрсөткүчтөн 155,6 млрд сомго көп болору болжолдонууда.

Расмий жарыялангандай, он айда экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүү катталды. Март айында негизги капиталга инвестициялар менен курулуштагы көрсөткүчтөр кескин жогорулаган. Бирок, бул өсүүлөр жыл соңуна карай басаңдап барат.

Ооба, мамлекеттин казынасы толуп, айлык-маяналар, социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар өсүп, ипотекалык турак жайлар, мектеп, бала бакчалар курулуп жатканын угуп-көрүп жатканыбыз менен, калк текши пайдасын көрүп жатат дегенди билдирбейт.

Экономиканын өсүшү калктын бардык эле катмарын бирдей жыргатат десек калпысыраак болуп калат. Адистер белгилегендей, эгерде социалдык коргоо саясаты адилетсиз болсо, экономиканын ылдам өсүшүнүн жакыр катмарга пайдасына караганда соккусу көбүрөөк болот.

Өзгөчө инфляция өсүп кеткен шартта мындай тобокелдиктер көбүрөөк. Маселен, соңку жылдары социалдык катмарлардын ортосундагы ажырым барган сайын чоңойгондон чоңоюп барат.

Жыл ортосуна карай 480 млрд сом акчалай кирешенин болгону 22,5 млрд сому калктын 20% колунда жок жакыр катмарынын, тең жарымы (240 млрд сом) эң бай 20% үлүшүнө тийген.

Статистикалык маалыматтар өлкөдөгү эң жакыр катмар менен эң байманалуу катмардын тапкан акчалай кирешесинин ортосундагы ажырым 10 эседен ашканын көрсөтүүдө. Түшүнүктүү болсун үчүн айтсак, бул көрсөткүч былтыр 7,4 эсе, беш жыл мурда 5,1 эсе болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн экономикалык ийгиликтеринин үзүрүн калың эл текши көрбөй жатат деген пикирде.

“Макрокөрсөткүчтөр сонун эле. Аны биз мактансак болот. Бирок, мен дайыма эле айтып атам, бюджеттин өсүшүн эл сезсе сонун болот эле. Мисалы, ошол эле мектептерге барсак азыр дааратканалар начар абалда, аны окуучулар көрүп атышат. Ата-энелер дагы деле бала бакчаларды, мектептерди кошо каржылап атышат, үйдөн көчөгө чыксаң эле кичинекей жолдор талкаланган. Албетте, бүт баарын оңдогонго андай шарт жок. Бирок, ошону дагы эле сезиши керек. Ооба, бизде чоң инфратүзүмдүк объектилер курулуп атат – ошол эле аэропорт, ошол эле имараттар. Мен шайлоодо өтүп, элден дагы бир топ эле талаптарды уктум. Алар “эми бюджеттин өсүп атканы сонун эле, бирок биз дагы аны көрсөк жакшы болот эле” деп атышпайбы. Балдар аянтчасы курулбай эле, талкаланган, спорт аянтчасы жок, эс алуучу жай жок, иши кылып ушундай нааразылыктар бир топ эле айтылган. Бул жерде өкмөт унутпашы керек – макрокөрсөткүчтөр менен сөзсүз мактанышы керек, ошол эле акчаны чоң инфратүзүмдүк объектилерге эле эмес, кичинекей объектилерге дагы жумшашы керек”.

Улуттук банктын маалыматтарына таянсак, учурда Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,3% болуп турат. Жыл башында 6,3% болчу. Былтыр майдан бери 9% калыбында сакталып келген эсептик чен да инфляциянын өсүшүнөн улам 11% чейин көтөрүлгөн.

Бул баа менен тарифтер улам кымбаттап, насыялардын пайыздары өсүп баратканын билдирет.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG