Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

"Апа, согушка кетүүгө мажбур болдум". Назира 19 жаштагы баласын кайтарууга жардам сурайт


мазмуну

  • Орусияда баңгизатка байланыштуу соттолуп, абакта олтурган уулун бир апта мурда Украинадагы согушка алып кетишкенин айткан кыргызстандык аял "Азаттыкка" кайрылды.
  • Ал 18-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арызын тапшырып, 19 жаштагы уулун артка кайтарууга жардам сурады.

11 жылга соттолгон уулу бир апта мурда Украинадагы согушка барууга өзү макулдугун берип, машыгуу лагеринде жүргөнүн билдирген экен. Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда да чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга аралашкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

"Макул апа, биз келип калдык окшойт. Аскерлер көрүнө баштады. Телефонду алып койсо керек. Кайсыл номурдан болсо дагы сизге чалам. Эжемдин номурун таштап коюңузчу", - деп кыргызстандык 19 жаштагы жигит Украинадан апасы Назирага аудио билдирүү жиберген. Ал Назиранын көкүрөк күчүгү.

55 жаштагы аял уулу менен бир аптадан бери байланыша албай жатыптыр. Эненин ою он талаа... Баласынын тагдырын, кан майданды ойлоп, көз жашын тыя албай муңканып турду.

Баласы согушка барууга өзү макул болгонун айтып, ата-энесине "бул жолго аргасыз бардым" деп түшүндүргөн.

"Кетип жатам дегенде сүйлөштүм, "апа, ушундай болуп калды, айлам жок болуп калды, кетишке мажбур болдум" деди. Келишимге кол коюптур, "ага кол койбосом дагы, барбасам дагы баары бир бул жактан уруп-согуп жөнөтмөк, ошого кете бердим" деп айтты. "Алты айда бошойм, өргүү алам" деди. "Ошондо Кыргызстанга барам" деди, эми билбейм... Мен ыйлай бергендиктен, "апа, мен армияга кетип атам" деп жазды. Бара турган жерине жеткенче сүйлөштүк. Андан кийин кабар жок. Ошол номурга кайра-кайра жазсам, жанындагы бала "бизди бөлүп салган" деп жооп берди. Үч жумадан кийин согушка чыгабыз деп жазыптыр".

"Уулумду согуштан кайтарууга көмөк сурайм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00



Мунун алдында Назиранын баласы "урушка кетип атам" деп жазып, абактан бошонгону тууралуу келишимди алганын билдирген. Ал Украинанын кайсыл жагына бара турганын жана машыгуу лагери кайсыл жакта экенин айткан эмес.

Анын аты-жөнүн коопсуздуктан улам атай албайбыз. Апасынын айтымында, ал 18 жашка толгондо паспорт алып Орусияга иштегени кеткен. Жарым жылга жетпей баңгизат ташууга айыпталып кармалган. Сот аны 11 жылга эркинен ажыраткан экен.

Назира уулун Москвага иштегени кеткен бойдон көрө элек.

"Абакта катаал шартта кармалып тургандыктан бир жылдан бери байланышка чыккан эмес",- деп айтып берди. Уулу буга чейин дагы Орусияга барып иштеп келген экен:

"Баламды баңгизат менен бирөөлөр, жанындагы эле бала колго түшүрүптүр. Ал жакта курьер болуп иштеп жаткан. Көпкө деле иштеген жок. Балам кармалардан эки ай мурда "экөөбүз ушул жакта жашайлы" деген эле. Мен бара албай калдым. Ошондо кете берсем болмок экен деп өкүнүп жатам. Эмнеге барбай калдым экен?! Кармалгандан кийин адвокаттар менен сүйлөшсөм, көп суммадагы акча сурашты, аны мен таба алган жокмун. Орусиядан иштеп келип үйлөнөм деген да. Андан мурда иштеп жүргөндө "ажыга барасыз, даярданыңыз" деген эле. Өзүңөр бутуңарга тургула, ал качпас деп койдум эле. Балким ошол акчаны табам деп кеттиби, билбейм..."

Абактан чыккандан кийин машыгуу лагерине баратабыз деген жолдо Назиранын уулу апасын сооротуп, жакында акча которо турганын айткан:

"Апа, буюрса баары жакшы болот, мен да жакында барам. Мага бул жакта акча кереги жок, мага түшкөн акчаны сизге которуп турам".

Назира Украинадагы урушка тартылган уулун согуш талаасына жете электе аман-эсен кайтарып алып келүүгө кыргыз бийлигинен жардам сурап, үмүт артып турат:

"Жогору жактагы чоңдордон, министрликтен жардам сурайм. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевден жардам сурайм. Кандай болсо дагы Кыргызстанга аман-эсен кайтарып беришиңиздерди суранам. Мен жалгыз боймун, бул балдарды жалгыз чоңойтком. Үч жумада чыгабыз согушка деген, анын бир жумасы өтүп кетти. Ошого жеткирбей Кыргызстанга алдырып беришиңиздерди суранам".

Назираны Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин өкүлү кабыл алып, жагдайды түшүндүрдү. Кыргыз жаранын согуштан алып калуу үчүн аракет көрүлөрүн билдиришти.

Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти, юрист Чынарбек Базарбаев соңку учурда Орусияда маңзат менен колго түшкөн учурлар көбөйгөнүн билдирүүдө:

"Маңзат ташуу жана таркатуу боюнча кармалгандар акыркы учурда кайрадан көбөйүүдө. Алардын жакындары, туугандары жактоочу, укук коргоочуларга көп кайрыла башташты. Биздин жаштардын көбү Телеграм каналдар, соцтармактардан жумуш издеп жатып ушуга кириптер болуп жатышат. Москва облусу, Москва шаары боюнча кыргыз мигранттар, ошол эле жарандык алгандар арасында дагы ушундай учурлар көп болууда. Азыркы учурда айрыкча жаштар ушул берене менен кармалып жатат. Кармалгандардын басымдуу бөлүгү 18-30 жаштагылар", - деди юрист.

Орусия Украинага каршы согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери жабык жайларда жаткан мигранттарды, анын ичинде Борбор Азиянын жарандарын согушка азгыруу жүрүп жатканы айтылып келет. Буга чейин Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Орусия украин жергесиндеги согушуна жалдап алып кеткен делген 687 кыргызстандыктын тизмесин жарыялаган.

Тизменин түзүүчүлөрү жалдангандар арасынан аты-жөнү такталгандардын 135и Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге 2023-жылы кол койгонун, былтыр 326 киши, ал эми быйылкы жылдын сегиз айында эле 400ү макулдугун билдирип, майданга жөнөгөнүн белгилешти.

"Хочу жить" кошумчалагандай, Орусия адатта чет элдик жалданма аскерлерди эки аптадай убакыт гана машыктырып, дароо кан майдандын кармаш жүрүп жаткан алдыңкы тилкесине жөнөтөт, ошондуктан алардын көбү согуш талаасында каза табат.

Буга чейин "Хочу жить" Украинада каза болгон казакстандык 270, тажикстандык 446, өзбекстандык 481 кишинин тизмесин жарыялаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 18-декабрда Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын маалыматына таянып орус абактарында 1 210 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Былтыр орусиялык жабык жайларда жаткан кыргыз жарандары 1 355 болчу.

Быйыл 15-декабрга карата Орусиядан Кыргызстанга абакта жаткан 211 жаран өткөрүлүп берилди жана дагы 106 кишинин экстрадицияланышы күтүлүүдө. Былтыр экстрадициялангандар 117 киши, 2023-жылы 74 жаран Орусиядагы абактардан Кыргызстанга которулган.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Украинадагы согушка кетип кала жаздаган Кыргызстандын жаранын куткарган.

"Азаттык" Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG